Чаткалдын Терек-Сай айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды

Аймак 11 Март 2025 09:20
483626120_1748831039317486_9047385090628557310_n.jpg
482124472_1748831442650779_2473105706415602127_n.jpg
483509717_1748803485986908_3451219967974845234_n.jpg
483485670_1748831315984125_6932308498751623062_n.jpg
483487612_1748831342650789_2266387328953880886_n.jpg
483597214_1748831382650785_3371407951302069503_n.jpg
483831419_1748831279317462_7977304984502366286_n.jpg
483894192_1748831405984116_6790179311792981207_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Чаткал районунун Терек-Сай айылында 225 орундуу мектептин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов мектептин жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

Иш-чарага район акими Алтынбек Сенирбаев, “Эти Бакыр Терексай” алтын өндүрүүчү компаниясынын жетекчиси Алип Тогай, жергиликтүү тургундар жана мугалимдер катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары айыл жашоочуларын жаңы мектептин курулушунун башталышы менен куттуктап, көп жылдан бери чечилбей келе жаткан меселе колго алынганын белгиледи. Ал ошондой эле жумушту сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү зарылдыгын эскертти.

Жаңы типтүү мектеп “Эти Бакыр Терексай” алтын өндүрүүчү компаниясынын каржылоосу менен курулуп, 171 млн сом акча каражаты жумшалат.

Курулушту тендер аркылуу уткан “Авангард Констракшн” жоопкерчилиги чектелген коому аткарат.