“Үч чоку” лыжа базасы жыл бою эс алуучуларды кабыл алат – Нурдан Орунтаев

Интервью Загрузка... 24 Январь 2025
whatsapp_image_2025-01-23_at_13_41_16_5.730x0.jpeg
copyright icon www

Ысык-Көл облусунда Жыргалаң, Ак-Булак, Бозучук тоолорун бириктирген “Үч чоку” лыжа базасын куруу мерчемделүүдө. Жалпысынан бул долбоордун инфраструктурасы толугу менен 7-8 жыл аралыгында бүтөрү белгиленип жатат. Орто Азиядагы эң ири лыжа курорту боло турган эс алуу жайынын долбоорлоо иштеринин жүрүшү туурасында “Кабар” агенттиги Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев менен маек куруп, бир катар суроолорго жооп алды.

- “Үч чоку” долбоорун ишке ашыруунун алкагында бир ай мурда Франциядагы “Куршевель” тоо-лыжа курортуна барып келдиңиздер. Анын жыйынтыгында Кыргызстандын долбооруна кандай жаңычылдыктарды киргизе алдыңыздар?

- Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2024-жылы “Үч чоку” лыжа базасынын долбоорун түзүү милдети биздин агенттикке берилген. Анын негизинде биз жыл аягына чейин башкы планды бүтүрүп, долбоорлоо иштерине кадам таштаганбыз. Франциядагы “Куршевель” тоо-лыжа курортун жеринен көрүп, андагы иштер менен таанышып келгенден кийин биздин долбоордун көп жерин өзгөртүүгө мажбур болдук. Курортту курууда бир катар талаптарды эске алуу керектигин түшүндүк. Анткени биздин долбоорду эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилбесек, сертификациядан өтүүдө кыйынчылыктар жаралмак. Мисалы, мейманканаларды жана дүкөндөрдү туура жайгаштыруу, суу түтүктөрүн, канализация системасын орнотуу боюнча атайын талаптар бар экен. Биз алардын тажрыйбаларын эске алуу менен долбоордун кеминде 30-40%ын кайрадан карап чыгып, толуктоолорду киргиздик.

- “Куршевель” менен “Үч чоку” эмнеси менен айырмаланат деп ойлойсуз?

- “Куршевель” тоо-лыжа курортунда алтыдай туристтик айыл бар. Курортко жакын жайгашкан айылдар бара-бара туристтик багытта иш алып барууга өтүп, жашоочулар үйлөрүн мейманканаларга ылайык келтирилип жасап чыгышкан. Алар имараттарды дизайн-код менен курортко шайкеш келгендей кылып салгандарына күбө болдук. Ал эми биз бир убакта 12 миң эс алуучуну кабыл ала турган курорттун пайдубалынан баштап жаңыдан салып баштайбыз. Мындан улам франциялыктар бизге алар кетирген кемчиликтерди кайталабагандай кылып, маанилүү кеп-кеңештерин берди. Маселен, алар жолдорду кенен кылып салгыла дешти. Азыр жолдор тар болгондуктан, ыңгайсыздыктарга кабылып жатканын айтышты.

- “Үч чоку” долбоорун жүзөгө ашырууда айлана-чөйрөгө зыян келтирбегендей кандай чараларды көрөсүздөр?

- Биз атайын техникалардын жардамы менен долбоорго ылайык, курулуш иштери жүрө турган жерлерде аэрофотосъемкалары жасадык. Кийин биз долбоор толугу менен бүткөндө жаратылышка, анын ичинде бир да бакка зыян тийбегенин так-даана көрсөтө алышыбыз керек.

- Эс алуу жайында туристтерди жыл бою үзгүлтүксүз кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөбү?

- Биз долбоордо курортту кышкысын эле эмес, жылдын төрт мезгилинде тең иштеткендей кылууну пландап жатабыз. Анткени курорт Ысык-Көлдө жайгашкандыктан, жайкысын да, кышкысын да туристтердин эс алуусу үчүн абдан ыңгайлуу десек болот.

whatsapp_image_2025-01-23_at_13_41_16_4.730x0

- Курулуш иштери качан башталары мерчемделип жатат?

- Курортто биз өз күчүбүз менен үч жылдыздуу мейманканаларды салсак болот. Ал эми төрт, беш жылдыздуу мейманканаларды жергиликтүү же чет элдик компаниялардын инвестициясы аркылуу курушубуз керек. Жакында эле президентибиз февраль айында курулуш иштерин жүргүзүүнү каалаган компанияларга сынак уюштуруларын белгиледи. Биз пландар боюнча курортто алгачкы эс алуучуларды 2027-жылы кабыл алып баштоого аракеттерди көрөбүз.

Маектешкен Мээрим Дүйшөналиева, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги