Былтыр өлкөдө жалпы 259 миң турак жай камсыздандырылды

Коом Загрузка... 06 Февраль 2025 12:06
WhatsApp Image 2025-02-06 at 08.23.34.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.02.25. / Кабар/. Былтыр өлкөдө жалпы 259 миң турак жай камсыздандырылды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Камсыздандыруу жана кайра камсыздандыруу башкармалыгынын башчысы Актан Турумбеков билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылга карата өлкөдөгү турак жай фондунун жалпы саны 1 млн 236 турак жайды түзөт. Ал эми турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча күчүндөгү келишимдердин саны 259 миң болуп, турак жайды камсыздандыруу менен камтуу 20,6 пайызга жетти.

“Камсыздандырылбаган жарандарга жергиликтүү бийлик жана президенттик фонддон жардамдар көрсөтүлдү. Бирок, мамлекеттик уюм катары биз эң чоң чыгымдарды көтөрдүк”,-деди ал.

Турумбеков кошумчалагандай, 2024-жылы 371 кырсык катталып, 371 жаранга дээрлик 70 млн сомдук чыгым төлөнүп берилген. Бул 2023-жылга салыштырмалуу эки эсеге көп. 2023-жылдын көрсөткүчү боюнча бардыгы болуп 151 кырсык катталып, 27 млн сом чыгым төлөнүп берилген.

“Бул көрсөткүч кырсыктардын көбөйүшүнөн кабар берет. Ошондуктан, жарандар турак жайларын жана мүлктөрүн камсыздап койсо, өздөрүнө дагы жакшы болот”,-деди ал.