Былтыр өлкөдө балдар арасында кылмыштуулук жылдагыдан көп катталды

Укук тартиби Загрузка... 04 Февраль 2025 14:32
WhatsApp Image 2025-02-04 at 09.45.06.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.02.25. / Кабар/. Статистикалык маалыматка таянсак, 2024-жылы балдар тарабынан жасалган 1 миң 552 кылмыш катталган. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы башкармалыгынын балдар иштери жана көзөмөлдөө боюнча бөлүм башчысы Нуржан Адылова радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул 2023-жылга салыштырмалуу 5,6 пайызга көп.

“Балдар арасында денеге залал келтирүү, урдоо, тоноо, каракчылык кылмыштары көп аныкталган. Мектептерде рэкетчилик дагы бар. Былтыр иши сотко өткөрүп берилген 8 факт катталган. Мындан улам ИИМдин демилгеси менен беш мекеме биригип алдын алуу иштерин жүргүзүп келет”,-деди ал.

Билим берүү министрлигинин уюштуруу жана тарбиялоо иши боюнча секторунун башчысы Болот Иманалиев, балдар арасындагы кылмыштуулуктун көбөйүшүнө үйдөгү тарбиянын жетишисиздиги себеп болуп жатканын белгиледи.

“Биз кылмышка социалдык абалы начар үй-бүлөнүн балдары барат деп ойлойбуз. Жок, андай эмес. Жакшы тургандардын балдары да кылмыш кылат. Бүгүнкү күндө ата-эне баланын кийимине, курсагына, билимине ган көнүл бурууда. Бала менен мамиле кылып, баарлашып, анын көйгөйүн укпай жатат. Ошондуктан өспүрүм мунун баарын сырттан издөөдө. Балким, ал балага мээрим жетпей жатат. Ал туура эмес чөйрөгө аралашып кылмыш жасайт. Мындай учурда ата-эне бири-бирин же мамлекеттик кызматкелерди күнөөлөп жатат”,-деди ал.