Былтыр Ак-Талаа районуна келген туристтердин саны өскөн

Туризм Загрузка... 05 Февраль 2025 12:10
16fc44acf1b64e5d93de67259530f7e1.jpg
copyright icon www

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Былтыр Ак-Талаа районуна келген туристтердин саны өскөн.

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, 2024-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна 3 миң 829 чет өлкөлүк туристтер келген.

Маалыматка ылайык, 2024-жылы 6 миң 905 ички туристтер келип, алардан 2 млн 792 миң сом киреше түшсө, ал эми тышкы өлкөлөрдөн 3 миң 829 турист келген. Алардан 5 млн 241 миң сом киреше түшкөн. Жалпы 2024-жылы келген туристтерден 8 млн сомдон ашык акча каражаты түшкөн.

Белгилей кетсек, 2024-жылы келген туристтердин саны 2023-жылга салыштырмалуу 2 миң 842 туристке кѳп.