Быйыл Өзбекстанга 12 млн чет өлкөлүк туристтин келүүсү күтүлүүдө

Борбор Азия Загрузка... 30 Январь 2025
728_486_fixedwidth.jpg
copyright icon WWW

Ташкент, 30.01.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын Туризм комитети 2025-жылы өлкөгө 12 млн чет элдик турист келет деп болжолдоодо. Бул тууралуу туристтик агенттиктер менен болгон ачык диалогдун жүрүшүндө белгилүү болду, деп билдирет Өзбекстандын Экология, айлана-чөйрө жана климаттык өзгөрүүлөр министрлигинин алдындагы Туризм комитетинин басма сөз кызматы.

Катышуучуларга былтыр туристтер үчүн түзүлгөн негизги мүмкүнчүлүктөр жана ыңгайлуулуктар, пайдаланууга берилген жаңы ири объекттер, гастрономиялык жана туристтик көчөлөр, туризм чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, аймактык инфраструктураны жакшыртуу тууралуу маалымат беришти.

Иш-чаралардын негизги максаты туристтердин агымын жана туризм секторунда кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу экендиги баса белгиленди.

Ошондой эле быйыл туризм тармагындагы артыкчылыктуу милдеттер жана пландар аныкталды. Атап айтканда, жаңы туристтик маршруттарды ишке киргизүү, өлкөнүн туристтик имиджин мындан ары чыңдоо, уюштуруучулук жана инфраструктуралык кайра курууларды жүргүзүү, экотуризмди өнүктүрүү жана туруктуу туризмди камсыздоо боюнча анык кадамдар белгиленди.

Мындан тышкары, иш-чарада туризм тармагына инновациялык технологияларды жана санариптик платформаларды киргизүү, ошондой эле туризм инфраструктурасын бекемдөөнүн стратегиялык багыттары талкууланды.

Комитеттин жетекчиси Умид Шадиевтин айтымында, быйыл туризм экспортун 3,5 млрд долларга чейин көбөйтүү максаты коюлууда, бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 9% жогору.

Эскерте кетсек, былтыр Өзбекстанга 10,2 млн чет элдик турист келген, анын 2,1 миллиондон ашыгы Кыргызстандан келгендер болгон.