Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын көз жоосун алган кооз жаратылышы кайсы мезгилде болбосун туристтердин суктануусун жаратат. Буга байланыштуу өлкөнүн туристтик потенциалын туура пайдалануу учур талабы. Бүгүнкү күндө Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу менен алек. “Кабар” агенттигине аталган фонд туризм инфраструктурасын чыңдоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн туристтик жагымдуулугун жогорулатууга багытталган стратегиялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча 2024-жылы аткарган иштери тууралуу маалымдап, 2025-жылга карата пландары менен бөлүштү.
“Кыргызстандагы Rest Point эс алуу пункттары” долбоору өлкөгө келген туристтер үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган. Туристтер тыныгып, эс ала турган пунктарды кофейня, жуунучу жай, даараткана, заряддоочу станция, дүкөн жана маалымат экрандары менен камтуу каралган. Учурда Кемин, Кара-Көл, Баткенде бирден жана Ошто эки эс алуу пункту иштеп жатат. Ал эми Кочкор, Корумду, Саруу, Талас, Жалал-Абад, Өзгөн жана Барпыдагы объекттерде курулуш иштери жыйынтыкталды. Бүгүнкү күндө Кажы-Сай, Кара-Коо, Нарындагы rest point`терде курулуш жумуштары жүрүүдө.
Ысык-Көл облусунда Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 5 туристтик тейлөө борбору курулду. Алар Балыкчы шаарында, Түп, Ак-Суу, Бөкөнбаев, Тосор айылдарында жайгашкан. Бул объекттер Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун карамагында турат. Булардын ичинен Балыкчы, Түп жана Ак-Суудагы борборлор ишке берилген. Дагы эки объект аяктоо стадиясында, ушу тапта эмерек жана жабдуулар менен жабдылууда. Эс алуу пункттарды 2025-жылдын 1-кварталында пайдаланууга берүү пландалууда.
Фонд тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан “Эко-жолдор” долбоору экологиялык туризмди өнүктүрүүгө багытталган. Каттамдар тоолуу райондор аркылуу өтөт. Белгиленген навигациялар туристтердин ар кандай аба ырайынын шарттарында туура багыт тандоосуна жардам берет. Долбоордун алкагында 24 эко-жолдо кыргыз, орус жана англис тилдеринде 32 стенд жана 80 жол көрсөткүч белгилери орнотулду. Мындан тышкары, 2024-жылы 4 облуста туристтик белгилер орнотулду: Ысык-Көл – 7, Нарын – 16, Чүй – 8, Талас – 7.
“Глэмпинг туристтик лагерлери ” долбоору туристтердин жаратылыш койнунда ыңгайлуу шарттарда эс алуусуна мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү көздөйт. Фонд бул долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу ишке ашырууда. 2024-жылдын июнь айында Чүй облусунун Чоң-Кемин өрөөнүндө Ала- Куш боз үй лагери ачылды.
"Go Bus автотранспорт каттамы" долбоору каттамдарга ички жана чет элдик туристтер үчүн ыңгайлуу транспортторду жүргүзүү пландарынын алкагында ишке ашырылды. Бүгүнкү күндө Бишкек – Манас аэропорту, Бишкек – Каракол, Бишкек – Ала-Арча жаратылыш паркы – Бишкек, Бишкек – Нарын багыттарында автобус каттамдары жүрүп жатат.
“Босого” борборлору 2022-жылдан бери иштеп келүүдө. Анда туристтерге күнү-түнү консультациялык колдоо көрсөтүлөт. Учурда “Манас”, “Ош” аэропортторунда, ошондой эле “Достук” өткөрмө бекетинде маалымат борборлору иштейт. 2025-жылдын февраль айында “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде ушундай маалымат борбору ачылат.
Фонд Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу максатында чет өлкөлөрдө уюштурулган ири көргөзмөлөргө катышууну улантууда. Былтыр фонд 14 мамлекетте өткөн 16 эл аралык туристтик көргөзмөдө улуттук павильонду ачкан.
Фонд өлкөдө уюштурулган форумдарды жана фестивалдарды колдоого алат. 2024-жылы фонддун колдоосу менен өткөрүлгөн иш-чаралар:
- IITF эл аралык бизнес-форуму жана туристтик жарманке (Ысык-Көл);
- “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалы (Нарын облусу);
- “Кымыз Фест-2024” этнофестивалы (Чуңкурчак);
- “Кыргыз көчү” маданий фестиваль (Нарын облусу);
- Салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык XVIII "Оймо" фестивалы (Бишкек, 24-28-июль).
2025-жылы фонд “Туристтик базалар” долбоорун ишке ашырууга камданууда. Долбоор өлкөнүн ар бир аймагында туристтик базаларды курууну камтыйт. Бул долбоордун алкагында ишкерлер жаңы туристтик жайларды гана түзбөстөн, иштеп жаткандарын да модернизациялай алышат.