Бишкек, 31.01.25./Кабар/. Быйыл Ысык-Көл облусунда 55 миң 923 акылдуу эсептегич орнотулат.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл электр тармактар ишканасы тарабынан, Жети-Өгүз РЭТине 17 миң 600, Балыкчы РЭТине 6 миң 700, Ак-Суу РЭТине 10 миң 700, Каракол РЭТине 2 миң 223, Чолпон-Ата РЭТине 8 миң 100 жана Тоң РЭТине 10 миң 600даана акылдуу эсептегичтер орнотулат.
Бүгүнкү күндө ишканага 5000 акылдуу эсептегич келип түшүп, орнотуу иштери башталды.
Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз:
Колл-борбору : 105; 1209
Beeline: +996 772 00 1209
MegaCom: +996 556 00 1209
O! : +996 702 00 1209
Эске салсак, 2024-жылы Ысык-Көл электр тармагы ишканасы боюнча 15 миң 91 кардарга акылдуу эсептегич орнотулган. Анын ичинен12 миң 590 даана Түп районуна.
Белгилей кетсек, акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен эсептегичтин маалыматтарын аралыктан алуу жана керектөөчүлөрдү кийинки күйгүзүү менен аралыктан өчүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.