Быйыл Кадыр түн 27-мартта белгиленет — Кабар

Быйыл Кадыр түн 27-мартта белгиленет

Коом 5 март 2025 11:40
Быйыл Кадыр түн 27-мартта белгиленет
copyright icon WWW

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл Кадыр түн 26-марттан 27-мартка караган түнү белгиленет. Бул маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан тастыкташты.

Муфтияттан билдиришкендей, Кадыр түн Орозо айынын 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленет.

Бул түн Рамазан айынын акыркы он түнүнүн бирөөсү болуп саналат.

Кадыр түн орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түн. Мында Кадыр түндүн жакшылыктарга себеп болуусу, достук, бир туугандык, биримдиктин бекемделиши, мусулман дүйнөсүнүн ынтымагы тилек кылынат. Ошондой эле бүткүл адамзаттын түрдүү кырсыктардан алыс болуусуна багыштап дубалар айтылат.