Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушууда Акыйкатчы институтунун акыркы жылдардагы өнүгүүсүн жогору баалады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Анын айтымында, институт адам укуктарын коргоо жаатындагы ишмердүүлүгүн күчөтүп, Кыргызстандагы күчтүү укук коргоо институттарынын бирине айланды.
Граве Акыйкатчы институтунун толук көз карандысыздыгы анын натыйжалуу иштешинин негизги шарттарынын бири экенин белгиледи.
Жолугушууда тараптар адам укуктарын коргоо жана улуттук укук коргоо механизмдерин чыңдоо боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Жамиля Жаманбаева Антье Гравеге адам укуктарын илгерилетүүгө жана институттун потенциалын бекемдөөгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.