Бизнести өнүктүрүүнүн беш негизги багыты айтылды

Экономика
Бизнести өнүктүрүүнүн беш негизги багыты айтылды
copyright icon WWW

Бишкек, 27.11.26 /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев өлкөдө бизнести өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн беш негизги багытты белгиледи. Бул тууралуу ал "Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес — ачык диалог" форумунда билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте жеке менчикти коргоо жана бизнестин мамлекетке болгон ишенимин бекемдөө зарыл. Ошондой эле мыйзамдардын туруктуулугун камсыздап, ишкерлер үчүн бирдей атаандаштык шарттарын түзүү керек. Сариев Салык кодексине жана башка кодекстерге өзгөртүүлөр жылына бир жолудан ашык киргизилбеши керектигин белгиледи.

Бизнести өнүктүрүүнүн беш негизги багыты айтылды

Үчүнчү багыт катары инвестиция үчүн зарыл болгон инфраструктураны — жер тилкелерин, электр энергиясын, сууну, жолдорду жана квалификациялуу кадрларды камсыздоону атады.

Мындан тышкары, узак мөөнөттүү каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана чет өлкөлүк капиталды тартууда технологияларды, заманбап башкаруу тажрыйбасын, өндүрүштүк кызматташтыкты жана жаңы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу зарылдыгын айтты.

Сөзүнүн соңунда Соода-өнөр жай палатасы бизнес-ассоциациялар менен биргеликте Министрлер кабинетинин алдыдагы беш жылдык иш-аракеттер планын даярдоого 176 сунуш киргизгенин билдирди.