Биз бүгүн элди бөлүп - жарууга, тынчтыкты бузууну көздөгөн чагымчылдыкка жол бербешибиз керек — Абдыров

Пикир 08 Апрель 2025 15:05
1375389.263631fad38d4b9e68b99b5ffb4b22fe.jpg
1e0ac3d1bd4eecd4ee3c0ec92af69d57_XL.jpg
Алдыга
Артка
1375389.263631fad38d4b9e68b99b5ffb4b22fe.jpg
1e0ac3d1bd4eecd4ee3c0ec92af69d57_XL.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Экономика илимдеринин доктору , эксперт Төлөнбек Абдыров өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө бир гана туруктуулук себепкер боло алат дейт.

Анын айтымында, ар кандай чагымчыл, бузукулардын аракеттерине жол бербешибиз керек.

“Акыркы 4 жыл ичинде өлкөдө стабилдүүлүк орун алды. Мамлекетте алдын-ала кандай кадамдар жасалары белгилүү экенин көрүп жатабыз. Саясатта тынчтык болбосо ал экономикага сөзсүз тескери таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү саясий туруктуулук мындан аркы өнүгүүгө жакшы негиз түзүп жатканын көрүп жатабыз.

Акыркы жылдарда өлкөбүз өнүгүп, экономика күч алууда. ИДП өсүп, салыктар чогултулуп, мектептер, ооруканалар салынып жатат. Жыл сайын көптөгөн ишканалар ачылууда. Мына 2025-жылга 125 өнөр жай ишканасын ачуу пландалууда. Бүгүнкү күндө тышкы соодада олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Импорт гана эмес, экспорт дагы көбөйүүдө.

Мамлекет өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чоң аракеттерди көрүп, айыл чарба тармагын өнүктүрүп жатат. Тоо-кен өнөр жайы күч алууда. Туризмди өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Өлкөдөгү орногон саясий туруктуулуктун гана тышкы инвесторлорду тартууга жакшы шарт түзөт.

Албетте, кайсы бир өлкөдө жаңылыктарда же социалдык тармактарда ар кандай нааразычылыктар, чыр-чатактар ​​талкууга алынса, инвестор андай өлкөлөрдөн кетүүгө шашат. Биздин шартта элди бөлүп-жарып, тынчтыкты бузууну көздөгөн провокацияларга жол бербешибиз керек”,- деди Төлөн Абдыров.