Бишкектин башкы планынын концепциясына сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү узартылды

Коом Загрузка... 31 Январь 2025
475639989_18486016318060955_1165220851282505058_n.jpg
copyright icon www

Бишкек, 31.01.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы Башкы планды иштеп чыгуу боюнча иштердин болжолдуу наркын көрсөткөн сунуштарды 2025-жылдын 10-февралына чейин genplan@meria.kg дарегине жөнөтүүнү суранат.

Мэриядан билдиришкендей, борбор калаага жаңы кошулган аймактар менен Бишкек шаарын пландуу өнүктүрүүнү камсыздоо максатында муниципалитет 2050-жылга чейин архитектура, шаар куруу, шаардын дизайны же ландшафттык архитектура чөйрөсүндө 15 жылдан кем эмес иш жүргүзгөн жеке же юридикалык жактардан, чыгармачыл устаканалардан Бишкек шаарын андан ары шаар курууну өнүктүрүү боюнча концептуалдык идеяларды жана сунуштарды кароого даяр.

Белгиленгендей, шаар куруунун советтик үлгүсүнөн рыноктук мамилелерге өтүүдө аймактарды шаар куруунун заманбап ыкмаларын жана методологияларын эске алуу менен коомдун маданий-тарыхый мурасын, салттуу негиздерин жана менталитетин чагылдырган шаарды өнүктүрүү концепциялары күтүлүүдө.

Эске салсак, концепция Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу үчүн негиз болот.

Кошумча суроолор боюнча: 0312 97 99 42; 0 (505) 55 - 13 - 85 - Жакыпов Каныбек Манасовичке (Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай курулушу жана шаар куруу департаменти) кайрылыңыздар.