Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Бишкектеги №11 жалпы билим берүү орто мектебинде "Жол кыймылынын эрежелерин сактайлы" аталышындагы иш-чара өттү.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чара өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында мектеп окуучуларына жана алардын ата-энелерине Бишкек шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте уюштурулду.
Анда окуучуларга 2 миң даана атайын жарык берүүчү элементтер таратылды.
Ошондой эле башкы башкармалыктын өкүлдөрү тарабынан катышуучуларга жол эрежелерин сактоо боюнча маалыматтар берилип, жол коопсуздугу маселеси талкууланды.
Эске салсак, 2024-жылы өлкөдө балдардын катышуусунда 1700дөн ашуун жол кырсыгы катталган. Анда 2 миңдей бала жаракат алып, 99 өспүрүм көз жумган. Бул көрсөткүчтөр мурдагы жылга салыштырмалуу 3%га чейин азайганы менен бүгүнкү күндө дагы эле маанилүү көйгөй бойдон калууда.
Буга байланыштуу жол инспекторлору балдардын коопсуздугу үчүн үгүт-насаат иштерин күчөтүүдө.