Бишкекте жаңы жылдык балаты майрамы өттү - сүрөт

Коом 25 Декабрь 2025 16:33
1766657579.jpeg
1766657522.jpeg
1766657538.jpeg
1766657539_large.jpeg
1766657553.jpeg
1766657585.jpeg
1766657590.jpeg
1766657596.jpeg
Алдыга
Артка
1766657579.jpeg
1766657522.jpeg
1766657538.jpeg
1766657539_large.jpeg
1766657553.jpeg
1766657585.jpeg
1766657590.jpeg
1766657596.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 25.12.25. /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарында А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркте реабилитациялык борборлордун, атайын мектептердин жана бала бакчалардын балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, балдар үчүн цирктин чыгармачыл жамааты даярдаган “Жалындаган атты издеп” аттуу жаңы жылдык шоу көрсөтүлдү.

Майрамдык иш-чарага 12 атайын бала бакчанын, 3 адистештирилген мектептин, 2 балдарга жардам көрсөтүү борборунун, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иш алып барган 32 уюмдун өкүлдөрү катышты. Мындан сырткары, социалдык жактан жеңилдетилген категориядагы үй-бүлөлөрдүн балдары да чакырылган.

Балдарды мэрдин орун басары Виктория Мозгачева куттуктап, балдарга чың ден соолук, жакшы маанай, кубаныч, күлкү жана эң асыл тилектеринин орундалышын каалады.

Иш-чаранын соңунда бардык катышуучуларга жаңы жылдык белектер тапшырылды.