Бишкекте жаңы стадиондун курулушу уланууда. Ал 51 миң орундуу болот

Коом 17 Февраль 2025 18:05
WhatsApp_Image_2025-02-17_at_04.39.49_2.original.jpg
480265505_2009980959510921_5103015767644653317_n.jpg
480510509_2009980926177591_8562290933938399646_n.jpg
480526355_2009980966177587_8674051216346534502_n.jpg
480451014_2009980922844258_4365976137259826203_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Иш башкармалыгынын маалымат кызматы

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Бишкектин четиндеги «Бишкек Арена» стадионунун курулушун 2026-жылдын күз айларында бүтүрүү пландалууда жана ал 51 миң орундуу болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерине Түркиядан, Кыргызстандан жана Улуу Британиядан бир нече инженерлер жана архитекторлор тартылган.

Учурда курулуш иштери графикке ылайык жүрүп жатат.

Долбоорго ылайык, футбол стадионунун жалпы аянты 180 миң чарчы метрден ашык, анын ичинде автопарк, техникалык каражаттар, соода жана оюн-зоок борбору жана башка объектилер болот.

Эске салсак, буга чейин стадиондун архитектуралык стили жана түс схемасы Бишкектин жана кыргыз элинин мүнөзүнө жана маданиятына туура келери, стадион борбор калаанын символдорунун бирине айланаары, ал эми футбол аянтчасы ФИФАнын стандарттарына жооп берери мурда маалымдалган.