Бишкекте жаңы үй-бүлөлүк медицина борбору ачылды

Коом Жүктөлүүдө... 25 Февраль 2025 14:20
480861184_1063177149191472_8922231914669833902_n.jpg
480831297_1063177302524790_7744632016399112847_n.jpg
481072708_1063177712524749_7411775073172587391_n.jpg
481077479_1063177622524758_7981067448839703738_n.jpg
480923799_1063177535858100_2712607355063161786_n.jpg
480869995_1063177425858111_7269621924725815056_n.jpg
480772391_1063177422524778_6412798520495987021_n.jpg
481070818_1063177225858131_6435248468599312250_n.jpg
480794163_1063177145858139_7107736354828598121_n.jpg
481774832_1063177332524787_6284339517739776224_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 25-февралда Бишкектин “Чоң-Арык” конушунда жайгашкан №2 үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы филиалынын ачылышы өттү.

Мэриядан билдиришкендей, жаңы имарат бул аймактагы тургундарды сапаттуу медициналык жардам менен камсыз кылууга багытталып, 26 000ден ашуун адамга кызмат көрсөтөт. Мында дарыгерлердин кабинеттери, ЭКГ, УЗИ, рентген, физиотерапия кабинеттери, стерилизациялоо, техникалык жана чарбалык имараттар жайгашкан. Ошондой эле бейтаптар үчүн лифт жана санитардык түйүндөр каралган. Долбоордун алкагында жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери аткарылып, борборду заманбап гана эмес, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ыңгайлуу жайга айландырды.

Иш-чарага Жогорку Кенештин депутаты Марлен Маматалиев, саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана Үй-бүлөлүк медицина борборунун жамааты катышты.

Белгилей кетсек, бул иштер Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн, ал эми подряддык уюм катары "Эсир Компании" ЖЧКсы катышкан.

Маалымат катары: ҮМБнын №2 филиалы 1996-жылы түзүлүп, бир нече жылдар бою “Чон-Арык” айылында жана "Орок" конушунда жайгашкан. Бирок убакыт өткөн сайын имараттар жараксыз абалга келип, фундаменти чөгүп, дубалдары кулап, бейтаптарды кабыл алуу шарттары талапка жооп бербей калган. Бул себептүү Бишкек шаарынын мэриясынын чечими менен “Чон-Арык” конушундагы, Семетей көчөсү 6 дареги боюнча 2,3 гектар аянтка жаңы медициналык мекеме куруу үчүн жер бөлүнгөн.

2024-жылы курулуш башталып, 2025-жылдын февралында расмий ачылды.