Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Бишкекте унаадан өрт чыгып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор калаанын Свердлов районунда унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 18:01де Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 18:20да өрт толук өчүрүлдү.
Тилсиз жоонун кесепетинен 1990-жылы туулган Ж.Г. аттуу эркек киши жеңил күйүк алып, тез жардам кызматынын кызматкерлери тарабынан жардам көрсөтүлгөн.
Абалы жакшы.