Бишкекте Тажик киносунун күндөрү башталды

Маданият 864 18 Май 2026 17:40
WhatsApp_Image_KxSxt0E.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_2zfrKX5.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_KxSxt0E.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_2zfrKX5.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Бишкек, 18.05.26 /Кабар/. Тажикстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында "Ала-Тоо" кинотеатрында тажик киносунун күндөрү башталды.

Ачылыш аземине эки өлкөнүн маданият өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү жана Кыргызстан менен Тажикстандын расмий делегациялары катышты. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана Тажикстандын маданият министри Сатториён Матлубахон Амонзода куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Мирбек Мамбеталиев президент Садыр Жапаров жана Тажикстандын Эмомали Рахмон эки өлкөнүн ортосундагы социалдык-экономикалык мамилелерди, ошондой эле маданий жана чыгармачыл кызматташтыкты чыңдап жатканын белгиледи. Ошондой эле ал 2022-жылы Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" менен "Тажикфильмдин" ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлганын эске салды. Тажик киносунун күндөрүндө көрүүчүлөргө үч тасма көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, концерт, көргөзмө, чыгармачыл жана илимий жолугушуулар да пландалууда.