Медреседе уулангандардын саны 58ге жетти: Башкы дарыгер акыркы абалды айтты

Ден соолук Загрузка... 22 Июнь 2026 12:00
1021307415_0_0_2874_1617_600x0_80_0_0_855e6aaffc7ebf68c647fc4827ec58e5.jpg
copyright icon www

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Бишкекте тамакка ууланып, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандардын саны 58ге жетти. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Башкы дарыгердин айтымында, алардын ичинен 23ү ооруканага жаткырылды. Бүгүн тогуз бейтап үйүнө чыгарылат.

карантин.jpg
“Үйүнө чыга тургандардын абалы жакшы болуп калды. Калган бейтаптардын абалы да турукташты. Мындан ары да аларды дарылоо улантылат”, - деди ал.

Башкы дарыгер белгилегендей, 35 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген.

Эске салсак, 18-июнда борбор калаадагы медреселердин биринде оливье салатын жегенден кийин өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрыла башташкан болчу.