Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда селекциянын жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүгүнүн ролу" темасында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында катышуучулар Кыргызстандын шарттарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясына жана үрөнчүлүгүнө тиешелүү актуалдуу маселелерин талкуулашат, бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда өтө маанилүү.
Аталган конференция сыяктуу иш-чаралардын маанилүүлүгү - айыл чарбасында туруктуу натыйжаларга жетүү үчүн практикада колдонула турган илимий сунуштарды иштеп чыгууга көмөктөшөт.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо жана багбанчылык департаментинин директору Бакыт Мамбетов белгилегендей, конференция айыл чарба тармагындагы алдыңкы окумуштуулардын, адистердин жана практиктердин арасында тажрыйба жана билим алмашуу үчүн аянтча түзөт.
"Талкуунун жүрүшүндө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сапатын жана туруктуулугун жакшыртууга карата инновациялык ыкмалар, түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана үрөндүк материалды жакшыртуу ыкмалары, ошондой эле өсүмдүктөрдү өзгөрүп жаткан климаттык шарттарга адаптациялоодо селекциянын ролу козголот", - деди ал.
Ошондой эле иш-чара эл аралык кызматташтыкты жөнгө салууга өбөлгө түзөт, бул Кыргызстандын айыл чарбасынын алдында турган көйгөйлөрдү чечүү үчүн селекциялык жана үрөнчүлүк жаатындагы дүйнөлүк тажрыйбаны натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Конференцияга Казакстан, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген илимий-изилдөө институттарынын өкүлдөрү, окумуштуулар, селекционерлер, ошондой эле үрөн өстүрүүчүлөр, фермерлер катышууда.