Бишкекте Садыр Жапаров менен Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи өттү

Саясат 2 сентябрь 2026 10:15
Бишкекте Садыр Жапаров менен Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи өттү

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-сентябрда “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаров менен Кыргызстанга расмий сапары менен келген Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Флагштокторго Кыргызстандын жана Пакистандын мамлекеттик желектери илинген.

Садыр Жапаров менен Шахбаз Шариф салам алышкандан кийин эки тараптын расмий делегация мүчөлөрү менен тааныштыруу болду.

Андан соң Кыргызстан менен Пакистандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Ошондой эле ардак кароолдун аскер кызматкерлери салтанаттуу жүрүш менен өттү.

Белгилей кетсек, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга расмий сапары менен 31-августта келген.

Шахбаз Шариф ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышкан.