Бишкекте өрттөн жабыркагандар кандай жардам алды? Мэриянын жообу

Коом Загрузка... 02 Декабрь 2025 17:15
1764654459_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. ЖМКларда борбор калаада Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги өрттөн жабыркагандар жардамсыз калды деген маалыматтардын тарашына байланыштуу Бишкек мэриясы үн катып, өрттөн жабыркаган үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.

Мэриядан билдиришкендей, калаа жетекчиси Айбек Жунушалиев мурда өрттөн жабыркаган тургундар менен жолуккан. Анын тапшырмасынын негизинде биринчи кезектеги жардам өз убагында көрсөтүлүп, бардык жабыркагандар убактылуу жайга жайгаштырылган.

Жабыркагандарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн мэрдин резервдик фондунан 22 үй-бүлөнүн ар бирине 50 миң сомдон төлөнгөн.

Жалпы жабыркагандардын ичинен 5 батир камсыздандырылган, алардын ээлери белгиленген тартип боюнча кенемте ала алышат.

Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Биринчи май районунун башчысы Улан Сарылбек уулу тургундарга кийинки жайгаштыруу, жардам алуу жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

“Учурда жабыркаган үй-бүлөлөрдү андан ары колдоонун ар кандай жолдору каралууда. Жайгаштыруу, кошумча жардам көрсөтүү жана мамлекеттик түзүмдөр, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания менен өз ара аракеттенүү маселелери белгиленген тартипте каралат”, - деп белгилешти муниципалитеттен.

Ошондой эле мэриядан жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү улантылып, жабыркаган үй-бүлөлөр толук жардамды алышы үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүп жаткандыгын кошумчалашты.