Бишкек, 13.12.25. /Кабар/. Бишкекте “Мурас” футбол мелдеши башталды. Анда ар кыл тармактардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команда катышууда.
- "Президенттин командасы";
- "Аймактар";
- "Билим";
- "Ден соолук";
- "Динамо";
- "Достук";
- "Журналистер";
- "Коопсуздук";
- "Көзөмөл";
- "Өнөр";
- "Спорт чеберлери";
- "Фемида";
- "Ыйман";
- "Элчилер";
- "Иш башкармалык";
- "Юстиция".
Турнир Кыргыз футбол союзунун Улуттук футбол академиясында жана "Газпром балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин базасында өткөрүлүүдө. Мамлекет башчысы турнирдин башталышы менен куттуктап, эң күчтүү командага жеңиш каалады.
Мелдеш Кыргыз футбол биримдиги тарабынан президенттин администрациясы менен тыгыз кызматташтыкта уюштурулуп жатат.
Белгилей кетсек, мелдеш 2022-жылы Кыргыз футбол биримдиги тарабынан демилгеленип, президент Садыр Жапаров тарабынан колдоого алынган. Салтка айланган бул достук мелдеши тогузунчу жолу ойнотулат. Мелдештин учурдагы чемпиону – "Ден соолук" командасы.
Эртең, 14-декабрда чейрек финалдык, жарым финалдык жана финалдык беттештер болот.
Оюндардын түз эфирлери УТРК Спорт жана ЭлТР телеканалдарынан, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчалардан көрүүгө болот.