Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan көргөзмөсү ачылды

Ден соолук Загрузка... 31 Март 2026 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта Бишкекте MedExpo Kyrgyzstan 2026 көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 31-марттан 2-апрелге чейин өтөт. Ага Беларусь, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Латвия, Пакистан, Польша, Россия, Өзбекстан жана Түштүк Кореяны кошкондо 10 өлкөдөн 90дон ашуун компания катышууда.

MedExpo Kyrgyzstan 2026 саламаттык сактоо тармагындагы негизги кесиптик аянтчалардын бири болуп саналат. Ал мамлекеттик түзүмдөрдүн, медициналык коомчулуктун жана бизнестин өз ара аракеттенүүсүн камсыздап, заманбап технологияларды жана чечимдерди медициналык практикага киргизүүгө өбөлгө түзөт.

Ачылышта министр Дамир Осмонов көргөзмө уюшулгандан бери тажрыйба алмашуу, инновациялык иштеп чыгууларды көрсөтүү жана кесиптик диалогду өнүктүрүү үчүн натыйжалуу платформа катары калыптанганын белгиледи.


"Бүгүнкү күндө саламаттык сактоону өнүктүрүү заманбап технологияларды киргизүү, медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу жана анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен түздөн-түз байланыштуу. MedExpo сыяктуу аянтчалар тажрыйба алмашуу жана алдыңкы чечимдерди практикага киргизүү аркылуу бул процессти тездетүүгө мүмкүндүк берет", - деп белгиледи Дамир Осмонов.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө медициналык жабдуулар, лабораториялык диагностика, фармацевтикалык продукциялар, медициналык багыттагы буюмдар, реабилитация жана физиотерапия үчүн чечимдер, ошондой эле саламаттык сактоодогу санариптик жана IT-технологиялар сунушталууда.

Чет өлкөлөрдүн улуттук экспозицияларына өзгөчө көңүл бурулууда. Бул эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тажрыйба алмашууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Ошондой эле MedExpo Kyrgyzstan 2026 алкагында эл аралык эксперттердин катышуусунда ишкердик программа өтүп, анда медициналык уюмдарды башкаруу, санариптештирүү жана заманбап ыкмаларды киргизүү маселелери талкууланууда.