Бишкек, 10.12.25 /Кабар/. Бишкекте күн мурун Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги ата мекендик бизнес жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү үчүн “Интеллектуалдык активдер атаандаштык артыкчылыктын негизи катары” аттуу семинар өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Иш-чараны илим министринин орун басары Кемель Садыков ачып, интеллектуалдык активдерди пайдалануу ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизги фактору болуп калганын, ал эми бренддерди, технологияларды жана контентти натыйжалуу коргоо компаниялардын өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи.
Кемель Садыковдун айтымында, министрлик интеллектуалдык менчикти коргоонун заманбап тутумун түзүүгө, илимий иштеп чыгууларды коммерциялаштыруу үчүн шарттарды түзүүгө жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Семинардын программасында өзгөчө укуктарды тескөө боюнча практикалык маселелер лицензиялоо, өткөрүп берүү, биргелешип ээлик кылуу, франчайзинг, интеллектуалдык активдер боюнча күрөөгө коюу, жасалма интеллектти колдонуунун укуктук аспектилери, интернетте автордук укуктарды коргоонун заманбап ыкмалары, ошондой эле маркетплейстерде ак ниетсиз аракеттерге каршы туруу куралдары каралды.