Энергетиктер окуучуларга электр коопсуздугу боюнча сабак өтүштү

Коом Загрузка... 22 Май 2025 09:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын кызматкерлери Бишкек шаарындагы №33 орто мектептин 8-классынын окуучуларына электр коопсуздугу боюнча түшүндүрмө сабак өтүштү.

Ишканадан билдиришкендей, анда жайкы каникулдардын алдында энергетиктер балдарга үй шартында жана энергия объекттеринин жанында электр коопсуздугун сактоонун негизги эрежелери тууралуу кеңири айтып беришти. Сабак атайын оюн түрүндө уюштурулуп, видеороликтер менен коштолду. Мындай ыкма өспүрүмдөр үчүн сабакты кызыктуу жана түшүнүктүү кылды.

Сабак учурунда окуучулар электр шаймандарын колдонууда кандай сактык чараларын көрүү керектигин, электр объекттеринин жанында ойноонун коркунучтары, ошондой эле көчөдөгү кандай объекттерден алыс болуу зарылдыгын үйрөнүштү. Сабактын соңунда билимдерин бекемдөө максатында викторина өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.