Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайга айып салынды

Экономика 9 июнь 2025 09:42
Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайга айып салынды

Бишкек 09.06.25 /Кабар/. Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Финансылык көзөмөлдөөчү органдын маалыматына караганда, КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн алмашуу бюролорунун ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.