Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайга айып салынды

Экономика
Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайга айып салынды

Бишкек, 27.01.25. /Кабар/. Улуттук банк Бишкектеги эки акча алмаштыруучу жайга айып салды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы эки алмашуу бюросунун ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.