Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. Бишкекте 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында дарыялардын нугун тазалоо иштеринин алкагында 40 объект демонтаждалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Султанбек Сатарбеков жергиликтүү радиого билдирди.
Анын айтымында, алардын 12си капиталдык курулуш, 28и жеңил типтеги объектилер болгон.
“Акыркы 20 жылда Бишкектеги суу жээктеринде суу коргоо зоналары эске алынбастан ар кандай курулуштар жүргүзүлүп келген. Негизи мыйзам боюнча суу коргоо зоналары атайын укуктук-ченемдик актыларда каралган. Суу коргоо зоналары 6-15 метрге чейин болушу мүмкүн. Суунун нугунa жараша андан да кең болушу ыктымал”, — деди ал.
Сатарбеков белгилегендей, учурда Бишкек шаарындагы Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээктери мэриянын балансында турат.
“Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы Ала-Арча, Аламүдүн дарыяларынын жээктери шаар мэриясынын балансында. Бишкек шаарынын атайын долбоорлору да бар. Бул долбоорлордун алкагында дарыя жээктери шаардыктар үчүн ылайыкташтырылып, суу жээгине тротуарлар, жарыктандыруулар курулуп, суу жээктери эс алуучу жайларга айландырылат”,- деди ал.
Белгилегендей, учурда дарыялардын жээктерин тазалоо жана мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо боюнча иштер уланууда.