Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Бишкектеги "Жаштык Аренада" Cybernomad Fest 2026 улуттук киберкоопсуздук фестивалы өтүүдө. Ага мамлекеттик органдардын, каржы секторунун, IT-компаниялардын өкүлдөрү жана эл аралык эксперттерден турган 700дөн ашуун адам катышууда.
Фестивалдын негизги уюштуруучусу — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет. Иш-чара Улуттук банктын, SkySOC Beeline жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин катышуусу жана өнөктөштүгү менен өткөрүлүүдө.
Фестивалдын алкагында маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Анда актуалдуу киберкоркунучтар, мамлекеттик санариптик системаларды коргоо жана ведомстволор аралык координация маселелери каралды.
Ошондой эле Cyber Conference эксперттик форуму, 11 команда катышкан Cyber Nomad CTF практикалык кибертаймашы, 10дон ашык компаниянын технологиялык чечимдери сунушталган Cyber EXPO көргөзмөсү жана ишкердик байланыштарды түзүүгө багытталган Networking Hub аянтчасы уюштурулду.
Уюштуруучулардын маалыматына караганда, Cybernomad Fest адистердин тажрыйба алмашуусуна, практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын кибертуруктуулугун бекемдөөгө багытталган жыл сайын өтүүчү улуттук аянтчага айланат.