Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 12-апрелде Бишкекте Groove Republic: LDDLM Edition аттуу эл аралык хип-хоп фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият. маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара министрликтин колдоосу менен эл аралык Groove Republic уюму тарабынан уюштурулууда.
Фестиваль маданий алмашууну өнүктүрүү, чыгармачыл жаштарды колдоо жана эл аралык кесиптик байланыштарды чыңдоого багытталган.
Иш-чарага Франция, Швейцария жана Испаниядан келген белгилүү хореографтар, ошондой эле Кыргызстан жана башка өлкөлөрдүн бийчилери катышат.
Фестиваль "Технопарк" соода борборунда өтөт.