Бишкекте "Акылман Ордо" интеллектуалдык оюну өттү

Коом 9 октябрь 2026 18:00
1791540961 (1).jpeg
1791540989.jpeg
1791540985.jpeg
1791540982.jpeg
1791540979.jpeg
1791540970.jpeg
1791540967.jpeg
1791540964.jpeg
Алдыга
Артка
1791540961 (1).jpeg
1791540989.jpeg
1791540985.jpeg
1791540982.jpeg
1791540979.jpeg
1791540970.jpeg
1791540967.jpeg
1791540964.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарында "Кыялымдагы Кыргызстан - Чүй 2026" жаштар форумунун алкагында Чүй облусундагы диаспоралардын жаштары арасында "Акылман Ордо" интеллектуалдык оюну өттү. Бул тууралуу мэрия билдирет.

Оюнга ар түрдүү диаспоралардын жана Чүй облусунун райондорунун, ошондой эле Бишкек, Токмок, Кант жана Кара-Балта шаарларынын атынан 13 команда катышты.

Катышуучулар Кыргызстандын жана Чүй облусунун тарыхы, маданияты, жаштар саясаты жана улуттар аралык достук темаларындагы суроолорго жооп берип, логикалык жана аналитикалык тапшырмаларды аткарышты.

Оюндун жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун - славян диаспорасы;
2-орун - орус диаспорасы;
3-орун - "Ынтымак" командасы;
4-орун - № 2 дунган диаспорасы;
5-орун - "Достук" командасы.

Байгелүү орундарды ээлеген командалар дипломдор, сертификаттар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Оюндун жалпы байге фонду 100 миң сомду түздү.

Интеллектуалдык оюн жаштардын билимин жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле ар түрдүү диаспоралардын өкүлдөрүнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого багытталды.

Белгиленгендей, иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана анын алдындагы Жаштар иштери боюнча консультативдик кеңеш Кыргызстан жаштар кыймылы жана "Евразия Кей Жи" коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурду.