Былтыр Бишкектин салыктык кирешеси пландан ашык чогулду

Экономика Загрузка... 12 Февраль 2026 18:09
1770895323_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 12.02.26. /Кабар/. Бишкекте 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин кирешелери 30,6 млрд сомду түзүп, бекитилген пландан 3,8% ашып, 1,1 млрд сомго көп болду. Бул тууралуу мэриянын коллегиясында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков билдирди.

Анын айтымында, салыктык кирешелер боюнча 20 363,1 млн сом түшүп, план 105,4%га аткарылды, бул пландык көрсөткүчтөн 1 036,6 млн сомго көп.

“2024-жылга салыштырмалуу салыктык кирешелердин түшүшү 122,5%ды түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 3 737,1 млн сомду түздү. Салыктык эмес кирешелер 2,9 млрд сомду, максаттуу трансферттер 7,3 млрд сомду түздү”, - деди ал.