Бишкекте 16 автобус каттамынын кыймылы өзгөрдү — Кабар

Бишкекте 16 автобус каттамынын кыймылы өзгөрдү

Коом 28 август 2026 17:00
1787903625_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Бишкекте 16 автобус каттамынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Чүй проспектисинин Чыңгыз Айтматов проспектинен (мурдагы Манас проспекти) Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейинки айрым тилкеси убактылуу жабылгандыгына байланыштуу коомдук транспорттун жүрүү схемалары убактылуу өзгөрдү.

Өзгөртүүлөр төмөнкү автобус каттамдарына тиешелүү: №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана 254.

Убактылуу чектөөлөр мезгилде автобустар жабылган тилкени айланып өтүү менен өзгөртүлгөн маршруттар боюнча каттайт.

Чаралар коомдук транспорттун жабылган тилкелеринде тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынууда.