Бишкекте 1-класстын айрым окуучулары бала бакчалардын имаратында окушат — министрлик

Коом Загрузка... 12 Март 2025 09:25
IMG_3092.jpeg
copyright icon www

Бишкек, 12.03.25. /Кабар/. Бишкекте окуучулардын санынын өсүшүнө байланыштуу, 1-класстын айрым окуучулары бала бакчалардын имаратында билим алышат.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, учурда калаадагы 120 мектепте 238 миңден ашуун окуучу окуйт, ал эми 1-класста 24 840 бала билим алууда. Келерки жылы 2-класска 25 миңден ашык бала өтөт, ал эми 1-класска кабыл алуу боюнча тактоо жүрүп жатат.

“Алардын баарын мектептердин имараттарына батыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан Билим берүү жана илим министрлиги менен 1-класста балдарды бала бакчалардын имаратында окутуу боюнча макулдашылууда. Себеби булар муниципалдык имарат болгондуктан, бала бакчанын имаратын ижарага алуу деген жок. Имараттар бекер берилет. 1-классты балдар бала бакчада окутулат жана ата-эненин каалоосу менен бала бакчада кечкиге чейин калса болот”, — деп айтылат маалыматта.