Бишкек ШИИББнин жетекчисине жана орун басарларына катуу сөгүш жарыяланды

Коом Загрузка... 11 Февраль 2025 21:00
mvd.2e16d0ba.fill-800x500.jpg
copyright icon ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Бишкек ШИИББнин жетекчисине жана анын орун басарларына катуу сөгүш жарыяланды.

ИИМден билдиришкендей, Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын бир нече кызматкеринин кармалышы боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүздү. Жыйынтыгында кол алдындагы кызматкерлерге жетиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана кызматтык ишти уюштуруудагы кемчиликтери үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысына жана анын орун басарларына катуу сөгүш берилди.

Бишкек ШИИББнин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Улан Бердибаевге жана Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Гайрат Рахмановго ээлеген кызматына толук эместиги жөнүндө эскертүү тартиптик жазасы берилди. Ал эми Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Канат Айдакеев ээлеген кызматынан бошотулду.

Баардыгы болуп Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 8 жетекчисинин жоопкерчилиги каралды. 

Ошону менен бирге Бишкек шаарынын төрт районунун ички иштер башкармалыктарына мыйзам бузуунун жана кызматтык тартиптүүлүктү алдын алуу максатында ички иликтөө кызматынын бирден кошумча кызмат орду киргизилди.