Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча өрт электр зымдарынан чыккан.
Өрттү өчүрүүгө саат 06:14төн тарта 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 08:05те толук өчүрүлдү.
Кошумча маалымат берилет.