Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Коом Загрузка... 23 Май 2025 10:27
шамал.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.05.25./Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ жарандарды шамал учурунда коопсуз жайларда болууну жана кандайдыр бир өзгөчө кырдаал катталса токтоосуз 112 кызматына билдирүүнү өтүнөт.