“Бишкек Арена” расмий ачылып, акысыз шоу-программа тартууланат

Коом 6 сентябрь 2026 17:30
“Бишкек Арена” расмий ачылып, акысыз шоу-программа тартууланат
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 06.09.26. /Кабар. Бишкек шаарында жаңы курулган ”Бишкек Арена” комплексинин расмий ачылыш аземи 5-октябрда өтөт. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, иш-чара президенттин тапшырмасы менен уюштурулуп, анда жарандар үчүн акысыз чоң маданий шоу-программа тартууланат. Учурда ачылыш аземине карата даярдык иштери кызуу жүрүүдө.

Мындан тышкары, Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы билдирүүсүнө Кыргызстанга болгон сүйүүсүн билдирип эң жакшы жана кызыктуу пикир жазган эки колдонуучуга 18-сентябрда өтө турган дүйнөлүк жылдыздар Busta Rhymes, Ne-Yo жана Akon катышкан концертке экиден билет белек кыларын билдирди.