"Бишкек Арена" электр тармагына туташтырылды

Коом 28 август 2026 09:55
2_xPE1AIt_ZCCyZd0_f.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. "Бишкек Арена" стадиону Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында электр тармагына туташтырылды. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, объектти электр энергиясы менен камсыздоо үчүн "Мурас" көмөк чордонунан "Арена-1" жана "Арена-2" бөлүштүрүүчү пункттарына чейин чыңалуусу 10 кВ болгон кабель линиялары тартылды.

Төшөлгөн кабелдин жалпы узундугу 6080 метрди түзөт.