Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. Ош шаарынын Жапалак айыл аймагына караштуу Тээке айылында 100 орундуу “Бал дүйнө” бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Ачылыш аземге Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү тургундар, ата-энелер жана мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Анда белгиленгендей, буга чейин аталган айылда мектепке чейинки билим берүү мекемеси болгон эмес. Айыл тургундары балдарын бала бакчага берүү үчүн шаарга алып барууга аргасыз болушкан. Ал эми айрым балдар мүмкүнчүлүктүн жоктугунан бакчага бара алышкан эмес.