“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Загрузка... 03 Февраль 2025 11:11
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 03.02.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен “Билим берүү жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган, аларга ылайык прокуратура органдарынын иш чөйрөсүндө кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу ушул чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.

Прокуратура органдарынын чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жогорку кесиптик билим берүүнүн адистештирилген мамлекеттик билим берүү уюмдарынын жетекчилери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана бошотулат.

Өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты прокуратура органдарынын адистештирилген жогорку окуу жайынын мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу жана анын жетекчисин дайындоо маселелерин укуктук жөнгө салуу болуп саналат.