Билим берүү министрлигинде 10 пилоттук IT-мектеп түзүү демилгеси талкууланды

Коом Загрузка... 01 Апрель 2025 15:48
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Корей илим жана чыгармачылык фонду (KOSAC) менен IT тармагында кызматташат. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Күн мурун билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева аталган фонддун өкүлдөрү менен жолугушту.

Талкуунун негизги темасы Кыргызстандагы мектептерде илимий-техникалык билим берүүнү өнүктүрүү жана заманбап IT-чечимдерди билим берүү процессине интеграциялоо болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын төмөнкүдөй негизги багыттары каралды:

- билим берүү системасына санариптик технологиялар менен жасалма интеллектти киргизүү;
- билим берүүнү санариптик трансформациялоо боюнча тажрыйба алмашуу;

Жолугушууда айрыкча Кыргызстанда 10 пилоттук IT-мектепти түзүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон кадамдарды жана мүмкүн болгон кызматташуу форматтарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин билдиришип, IT тармагында билим берүү программаларын өнүктүрүү боюнча консультацияларды улантууну макулдашышты.