Жаңы окуу жылына карата даярдык, чечилбеген маселелер. Министр Ош облусунда мугалимдер менен жолукту

19 март 2025 13:05
480755672_1078928037614273_6312404069718121196_n.jpg
480962523_1078928040947606_7087619667290705616_n.jpg
480965623_1078928034280940_3639338960779584940_n.jpg
480978684_1078928174280926_3304227332838722475_n.jpg
485169038_1078928147614262_894516294647460104_n.jpg
485756752_1078928044280939_4916906260104134473_n.jpg
Алдыга
Артка
480755672_1078928037614273_6312404069718121196_n.jpg
480962523_1078928040947606_7087619667290705616_n.jpg
480965623_1078928034280940_3639338960779584940_n.jpg
480978684_1078928174280926_3304227332838722475_n.jpg
485169038_1078928147614262_894516294647460104_n.jpg
485756752_1078928044280939_4916906260104134473_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Билим берүү жана илим министрлиги

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Бүгүн билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Араван райондорундагы мугалимдер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Министр мугалимдерге “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берип жатып төмөнкүлөргө токтолду: "12 жылдык билим берүү – биринчи кезекте мазмундук өзгөрүү. Биз быйылкы жылдан тартып 12 жылдык билим берүүнү этабы менен ишке ашыра баштайбыз. Бүгүнкү күндө мугалимдерди кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, окуу китептерин иштеп чыгуу иштери 50 пайызга аткарылды. Жалпы билим берүүнүн мазмунун аныктаган жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты иштелип чыгып, министрлер кабинетинин токтому менен бекитилди".

Ошондой эле ал “Алтын Казык” программасын ишке ашыруунун алкагында мугалимдер үчүн санариптик программалар иштелип чыгып жатканын, алардын баары мугалимдерге берилүүчү ноутбуктарга жүктөлөрүн кошумчалады.

Жолугушууда министр соңку мезгилде коомчулукту катуу тынчсыздандырып жаткан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, зордук-зомбулук, билим берүү уюмдарындагы жана үй-бүлөдөгү тарбия маселелерине да токтолду.

“Ата-энелер баласына кымбат уюлдук телефон, кымбат кийим сатып берип коюп ата-энелик милдеттен кутулдум дебеши керек. Балага мээрим төгүү баарынан маанилүү. Биз баланын психологиясын ата-энеге жеткирүүгө милдеттүүбүз. Балдарга коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында Электрондук күндөлүк платформасына “Коркпо, билдир!” деген баскычты коштурдук. Ал бала зомбулукка кабылганда же кандайдыр бир кысымга алынганда Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнө дароо кабар жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Бул мамлекеттик платформа акысыз жана ыңгайлуу”, – деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр мугалимдердин суроолоруна жооп берип, жаңы окуу жылына карата даярдыктары, чечилбей келе жаткан маселелер тууралуу маалымат алды.