Массалык башаламандык уюштурууга шектелген жаран кармалды

Коом Загрузка... 12 Февраль 2025 11:57
copyright icon ИИМдин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.02.25. /Кабар/. Массалык башаламандык уюштурууга шектүү жаран кармалды.

Ведомстводон билдиришкендей, 14-январда Чүй ОИИББна социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда "Берик Держинский" деген фейк аккаунт аркылуу өлкө жетекчилигинин дарегине карата терс маанидеги материалдар жарыяланып тургандыгы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Чүй ОИИББне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда аталган материалдар "Берик Держинский" фейк аккаунтунда "Facebook" социалдык тармагында жарыялангандыгы аныкталган, бул аккаунт 1975-жылы туулган жаран О.Б.га таандык экендеги аныкталган. Аккаунтта бийликти күч менен басып алууга багытталган жана бийликтин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө, массалык башаламандыкка чакырган терс посттор жарыяланган.

Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу боюнча, бул публикацияларда азыркы бийликтин кулатууга жана массалык башаламандыкка чакырыктар болгондугу аныкталган.

Ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында милиция кызматкерлери тарабынан шектүү адамдын өздүгү аныкталып, мурда бир нече жолу соттолгон 1975-жылы туулган О.Б. аныталып, анын үйүн тинтүү учурунда кылмыш иши боюнча маанилүү далил заттар жана "Элдик кеңеш кыймылы" уюмунун күбөлүгү табылып алынган.

Шектүү 11-февралда Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 1975-жылы туулган О.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.