Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында бүгүн хоккей оюндарынын 2-туру башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз курама командасы экинчи турда Бахрейн курамасы менен беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дө башталат.
Эске салсак, биринчи турда кыргызстандыктар Кувейт курамасын 8:7 эсебинде утуп, 2 упайга ээ болуп, В тайпасында 2-орунга ээ болгон. Ал эми 3 упай менен Сингапурдун курамасы 3 упай менен тайпанын лидери боюнча калууда.