Белгилүү ырчы Араш кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Коом 12 сентябрь 2026 14:05
copyright icon WWW

Бишкек, 12.09.26. /Кабар/. Белгилүү ырчы Aраш кечээ, 11-сентябрда Талас шаарында Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык концертке катышып, кыргызстандыктарды айтылуу дата менен куттуктады.

Ырчы Кыргызстанга болгон жылуу мамилесин билдирип, өлкө ага абдан жагарын жана бул жерде көптөгөн достору бар экенин белгиледи.

Arash кыргызстандыктарга бакыт, тынчтык жана ийгилик каалап, Эгемендүүлүк күнүнө карата өзүнүн жылуу каалоолорун жолдоду.

Белгилей кетсек, майрамдык концерт Талас шаарынын борбордук аянтында өтүп, ага кыргыз жана чет элдик эстрада жылдыздары катышты.