Бажы кызматынын төрагасы кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө пунктардын иши менен таанышты

Аймак 1628 18 Март 2025 15:38
484372109_1083462543826244_176251060341464473_n.jpg
484493308_1083464707159361_6709401312951297386_n.jpg
484510291_1083463710492794_8755679716864699662_n.jpg
484950548_1083464687159363_3684073770381603987_n.jpg
485006745_1083463677159464_2301048285319341963_n.jpg
485112651_1083462353826263_9102330628399376187_n.jpg
485158149_1083463010492864_4463390882421459617_n (1).jpg
485158149_1083463010492864_4463390882421459617_n.jpg
485164291_1083463657159466_4338007415347907418_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Мамлекеттик бажы кызматы

Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жакында эле ачылган "Кызыл-Бел" жана "Кайрагач" өткөрмө пункттарына барды.

Ведомстводон маалымдашкандай, 13-мартта өткөрмө пункттардын иши кайра жанданган учурдан тартып бажы органдарынын кызматкерлери штаттык режимде кызмат өтөшүүдө, ал эми маалыматтык системалар жана техникалык каражаттар үзгүлтүксүз иштеп жатат.

Өздүк курам менен жолугушуунун жүрүшүндө төрага Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жана маданий байланыштарды чыңдоо үчүн аталган өткөрүү пункттарынын стратегиялык маанисин, ошондой эле контролдоочу органдардын натыйжалуу ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү өнүктүрүү келечегин эске алуу менен инфраструктураны модернизациялоого, ташуучулар үчүн шарттарды жакшыртууга жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду.

Өткөрүү пункттарын эл аралык стандарттарга ылайык, реконструкциялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, автотранспорт каражаттары үчүн электрондук кезек аймактарын түзүү жана чек арадагы мамлекеттик көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырылды.