Баткенде окуучулар үчүн англис тилин үйрөтүү долбоору ишке кирет

Аймак 29 сентябрь 2026 09:00
829250484_1633686538124795_3070987794358658721_n.jpg
825329035_1633686618124787_1863225973770689903_n.jpg
827377563_1633686628124786_2612989295569375298_n.jpg
827754641_1633686608124788_8732796187064269260_n.jpg
829035659_1633686574791458_5459791862380455192_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Баткен облусунда мугалимдер менен окуучулардын англис тилин үйрөнүүсүнө багытталган жаңы долбоорду ишке киргизүү пландалууда.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бул тууралуу облус башчысынын орун басары Бактыбек Токсонбаев менен АКШнын Кыргызстандагы Тынчтык корпусунун улуттук директору Мэттью Смиттин жолугушуусунда айтылды.

Ошондой эле жолугушууда Тынчтык корпусунун облустагы ишмердүүлүгү, билим берүү тармагындагы долбоорлор жана мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери каралды.

Тараптар мугалимдер менен окуучулар үчүн англис тилин үйрөнүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке киргизүү боюнча кызматташууну улантууга кызыкдар экенин билдиришти.